Аламүдүн районунда ээн баштык кылганы үчүн эки тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 17-март күнү аталган райондун Таш-Дөбө айылында белгисиз 5-6 адам эки айыл тургунун сабап кетишкен. Анын кесепетинен жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы М.К. жана 22 жаштагы К.В. кармалган. Учурда “ээн баштык” боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.