Чүй облусунда каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды

Чүй облусунда каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде аталган облустун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 23 жаштагы Г.П. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 31-март күнү белгисиз эки адам бычак такап коркутуп, 5000 сомун алып кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы М.М. жана 29 жаштагы И.С. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан