Чүй облусунда Аскер комиссариатынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Чүй облусунун тургуну кайрылган. Анда ал Аскер комиссариатынын кызматкери аскер билетин алып берүү үчүн 10 миң сом талап кылганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда “пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.