"Чоң суммадагы салыкты төлөөдөн качуу" боюнча айыпталган Кыргыз Республикасынын мурдагы муфтийи Казакстандан кармалды

Казакстандын Сарыагаш райондук соту Кыргыз Республикасынын мурдагы муфтийи Рахматулла Эгембердиевди убактылуу камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Түштүк Казакстан облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын маалыматында 38 жаштагы Р.Эгембердиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (чоң суммадагы салыкты төлөөдөн качуу) боюнча айыпталганы жазылган. Ошондой эле мурдагы муфтий өз өлкөсүнөн качууга аргасыз болгонун жана Казакстандан баш калка сураарын айткан.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. 

Айта кетсек, 2013-жылдын 30-декабрында интернет булактарына "Рахматулла Эгембердиев - КМДБ башчысы" деген аталыштагы порнотасма жарыяланган. Бул боюнча комментарий берген муфтий тасмадагы өзү жана никелүү аялы экенин айткан. 2014-жылдын 7-январында Эгембердиев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
nazira1989
2015-04-02 15:05:35
Тоообооооо,молдонун айтканын ук,кылганын кылба деген макал кайра кайра эсиме тушту.
0
uran001
2015-04-02 19:27:21
nazira1989, Молдонун кылганын кыла албайсын дагы колундан келбейт!!!Бул кишини жок жерден жаман корсотуп койду
0
nazira1989
2015-04-02 21:20:10
uran001,бул таксырдын никелешкен аялы менен тартылган порнотасмасына эмне дейсин...Кылганын кылба деген ушу да...
0
nazhiev80
2015-04-03 14:11:26
nazira1989, аялы менен да жатса болбойбу
0
nazira1989
2015-04-04 18:20:58
nazhiev80,аны интернетке чыгарып эмне кылат анда?
0
nazhiev80
2015-04-03 14:08:40
nazira1989, тапкан экенсин эсине тушчу нерсени!
0
meli12
2015-04-02 15:36:09
Азыр эч кимге ишенбеш керек.Адамды карабай, Кудайды караш керек.
+1
tikodamas
2015-04-02 16:21:34
Казак туугандарга уят эле кылышты ХХХ
+3
admin_portal
2015-04-02 17:01:49
tikodamas - 3 күнгө БАН!
Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
0
maksatbek83
2015-04-02 19:10:19
Кудайым шарманда кыла корбо
0
kubat_1973
2015-04-02 19:25:33
Адалсынып ак суйлоп шарыят айткан ажылар ушул жолдо журсо мечиттердин имамдарына соз жок да.Каалаганын кылып билгенин жасап балит жолдорго барып жаш балдарды зордуктап атышат да.Кудай берсин жазанарды
0
bakyt_2015
2015-04-02 19:56:53
Ноорузду майрамдаган куноо деп койгондо очосун да андан дагы. Муфтийин ушунча балит жолдо журсо башкаларга соз жок экен да анда.Мен бир Кудайга гана ишенем. Ал куноо бул куноо деп акыл салымыш болгондорго созум деле жок
+1
zhykyo
2015-04-02 20:04:58
Даагы жакшы Казакстандан кармалыптыр европага качса кармалмак эмес
0
suiuktuujar
2015-04-02 20:45:35
Тообо ээгине эки сакал остуруп молдомун деп анан ошо ишти кылганы неси
-1
Erkinbay_buiga
2015-04-03 00:32:56
Биздин чондордо намыз абиир калбады окшойт.Чубак ажыны налог толободу деп айыпташты эле Эми муну айыптап жатышат.алы жетпегендерге парно кино чыгарып сындырып жатышат.Айланайын чондор абийрдуу болгулачы.саясатчы деген наамга татыктуу болгулачы.Эдди лох кылып буттунор го.
+4
begai93
2015-04-06 04:15:50
Ушул дин адамдарын да жон койбойбуз э?! Же алар коркпойт Кудайдан же ак жеринен куноолоп,жалган жалаа жапкандар коркпойт.Ыйман ынсап берсин Кудайым баарыбызга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан