Бишкекте оор кылмышка шектелген жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Свердлов райондук ички иштер бөлүмү шаар тургундарынан сүрөттөгү баланын өздүгүн тактоо боюнча жардам сурайт. Эгер көрүп-билгендер болсо, (0551) 80-66-30, (0773) 70-97-19 номурлары аркылуу кайрылып койсоңуздар.