Экс-муфтий Рахматулла Эгембердиев сот отурумдарына келбегени үчүн издөөгө алынган. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылы УКМК тарабынан Р.Эгембердиевге Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (чоң суммадагы салыкты төлөөдөн качуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иш сотко өткөрүлүп берилген. Ал бир канча жолу сот отурумдарына келген эмес. Мындан улам ага издөө жарыяланган.
Буга чейин мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиевдин Казакстандан кармалганы боюнча маалымат тараган.
Айта кетсек, 2013-жылдын 30-декабрында интернет булактарына "Рахматулла Эгембердиев - КМДБ башчысы" деген аталыштагы порнотасма жарыяланган. Бул боюнча комментарий берген муфтий тасмадагы өзү жана никелүү аялы экенин айткан. 2014-жылдын 7-январында Эгембердиев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.