"Ош шаарындагы Балдар клиникалык ооруканасынын дарыгери операция жасаганы үчүн 6000 сом талап кылган эмес". Бул тууралуу медициналык кызматкердин адвокаты билдирди.
Анын айтымында, 9 жашар бейтап аталган ооруканага 17-мартта жаткырылып, кийинки күнү ага операция жасалган. "Ал эми 24-мартта ал ооруканадан чыгарылып, бир аптанын ичинде медициналык кароого келиши керек болчу. Ошентип, эки күндөн кийин бейтап кароого келгенде, анын энеси дарыгердин чөнтөгүнө акча салууга аракет жасаган, бирок дарыгер аны ошол жерден кайтарып берген. Буга чейин алардын ортосунда акча же сыйлык тууралуу сөз болгон эмес болчу",- дейт дарыгердин жактоочусу.
Эскерте кетсек, 1-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы "Ошто операция жасаганы үчүн пара талап кылган дарыгер кармалды" деп жарыялаган.