Кечээ, 2-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда саат 23:30да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматынын куткаруучулары Кара-Көл көчөсүндөгү канализациялык чуңкурдан жансыз дене табышкан. Аталган министрликтен кабарлашкандай, 35-40 жаштардагы азиат улутундагы аял кишинин аты-жөнү такталган эмес.
Куткаруучулар жансыз денени чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.