Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундун үйүнөн диний-экстремисттик материалдар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, соттун санкциясына ылайык, 42 жаштагы тургундун үйү текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында “Хузбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна тиешелүү материалдар алынган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.