Бүгүн Октябрь райондук соту мурдагы эл өкүлү Урмат Аманбаеванын ишин карайт

Бүгүн, 3-апрелде коррупция боюнча айыпталып жаткан мурдагы эл өкүлү Урмат Аманбаеванын иши сотто каралат. Бул тууралуу Аманбаеванын жактоочусу Нургазы Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карайт.

Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Ал Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок Аманбаева өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан