Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2-апрель күнү саат 22:20 чамасында Кой-Таш-Бишкек унаа жолунун 18-чакырымында Мазда Демио унаасы менен Дэу унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен экинчи унаанын айдоочусу жабыркаган. Жабыркаган адам куткаруучулар тарабынан "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилип, ооруканага жеткирилди.