Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда мурдагы эл өкүлү Урмат Аманбаеванын иши боюнча сот отуруму болду. Анда Аманбаева менен бирге айыпталып жаткан Асанов жана Шамшиеванын жактоочусу Чынара Баатырова ишти карап чыгуу үчүн убакыт сурады. Анын өтүнүчүн сот Анарбек Мамбеталиев канааттандырып, ишти кароону 21-апрелге жылдырды.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы депутаттын мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Ал Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок Аманбаева өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.