"Мурдагы эл өкүлү Урмат Аманбаеванын иши боюнча сот отуруму атайылап жылдырылып жатат". Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде болгон сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу Азизбек Шүкүрбеков билдирди.
Анын айтымында, Аманбаеванын иши боюнча материалдар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна 9-январда эле келип түшкөн.
“Башында сот отуруму Аманбаеванын оорусуна байланыштуу жылса, кийин анын жактоочусу алмашып, иш менен таанышуу үчүн убакыт сурады. Учурда Уланбек Асанов менен Фарида Шамшиеванын дагы жактоочусу алмашып, жаңы жактоочу иш менен таанышууга убакыт суроодо. Бул көрүнүш сот отурумдарынын атайылап жылдырылып жатканын билдирет”,- деди Шүкүрбеков.
Ал эми Аманбаеванын жактоочусу Нургазы Сыдыков сот отурумдары себептүү жылдырылып жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы депутаттын мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Ал Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок Аманбаева өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.