Бишкекте каракчылыкка шектелген Ош облусунун 3 тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-март күнү милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда белгисиз үч адам 54 жаштагы аялды тапанча такап коркутуп, акчасын алып кетишкени айтылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Ош облусунун 3 тургуну кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.