Бишкекте зордуктоого шектелген Сокулук районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 33 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал 1-апрель күнү жаңы конуштардын биринен Зухрат аттуу адам күч колдонуп зордуктаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 34 жаштагы Сокулук районунун Ч.З. аттуу жашоочусу кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.