Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.
Бишкектеги Ак-Тилек конушунда турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен үйдүн 25 чарчы метр чатыры жана бөлмөдөгү кийим-кечелер күйгөн.