Базар-Коргон айыл аймагынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылы сентябрь айында “Назик” аталышындагы бала бакчанын чатырын жабуу боюнча тендер өтүп, жеңүүчү катары “И” ишканасы аталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкана тарабынан сметалык баанын негизсиз жогорулатылганы жана аны билип туруп Базар-Коргон айыл аймагынын кызмат адамдары ишканага акча которушканы аныкталган. Анын кесепетинен мамлекетке 625 миң сомдон ашуун зыян келтирилген.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.