Бүгүн, 3-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын жыйыны болуп өттү. Отурумда Кыргыз Республикасындагы заманбап жол долбоорлорунун келечеги талкууга алынды.
Жыйындын жүрүшүндө КРнын Транспорт жана коммуникациялар министри
Калыкбек Султанов жаңы курулуп жаткан жана курула турган жолдордун долбоорлору менен тааныштырды. Анын айтымында, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун куруу алкагында, Ош жана Жалал-Абад шаарларын жакындатуу максатында Өзгөн шаарын сыртынан кесип өтүүчү жаңы жолдун долбоору иштелип чыккан.
Бул долбоор Өзгөн шаарындагы унаа тыгындарын азайтып, шаар тургундарына, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзөт. Фракциянын күн тартибиндеги экинчи маселеде Кемин - Бишкек - Кара-Балта - Чалдыбар жолунун жаңы долбоорун талкуулашты.
"Ата мекенчилердин" айтымында, мындай жолдун курулушу Кара-Балта, Сокулук районунун тургундарына убакытты үнөмдөп, Бишкек шаарына 20-25 мүнөт аралыгында жетип келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Министр ошондой эле депутаттар кызыккан суроолорго жооп берди. Фракциялык жыйында депутаттар С.Нышанов, А.Маматов, А.Досалиев, Р.Төлөгөнов, У.Нуркулов, Н.Никитенко, А.Сасыкбаева өз ойлорун ортого салышып, суроолоруна жоопторду алышты.
Эл өкүлү Бактыбек Калмаматов берген суроого министр: «Болочок пландарыбызда Кара-Кулжа менен Гүлчөнү кошуучу жолубуздун дагы планы бар. Ал эми сиз айткан Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорун бириктирүүчү Пор-Куршаб “Кыдыруу” жолун курууну изилдеп көрөбүз. Ылайыктуу болсо, ал жол дагы курулуп калышы мүмкүн»,- деп жооп берди.