Мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-апрелде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Президент КМШга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны бүгүн Бишкекте ийгиликтүү өткөнүн, күн тартибиндеги бардык маселелер каралганын белгиледи.
Алмазбек Атамбаев быйыл Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленерине токтолуп, буларды айтты: "Биздин ата-бабаларыбыз биргеликте согушушкан. Бул темага кайрылбай койгонубуз туура эмес болот. Дүйнөдө тынчтыктын болушу баарынан маанилүү".