3-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.
Президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө аталган уюмдун ишмердүүлүгүнүн түрдүү маселелери талкууланып, ошондой эле уюмдун катышуучу өлкөлөрү ортосундагы регионалдык коопсуздук тармагында мындан аркы кызматташуусунун келечеги каралды.