Кочкор районунда өз кызын бир койго сатып жиберген келин кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Чолпон айылынын 1968-жылы туулган С.К. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 23-март күнү 1989-жылы туулган Т.А. аттуу келин келип, 5 айлык кызын 5 миң сомго сатып алуусун суранган. Бирок С.Кнын жанында мындай суммадагы акча жок болгондуктан, келинге бир кой берген.
Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда “адам сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.