6 кыргыз жараны согуш болуп жаткан Йеменден Москвага алынып келинди

Йемен мамлекетинен 6 кыргыз жараны Москвага алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу Йеменден Москва шаарына Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги өлкөлөрдүн жарандарын жөнөткөн. "Алардын арасында кыргыз жарандары Н.Янгибаева, М.Исакова, Любн аль-Авбали, Сафия аль-Авбали, Ибрагим аль-Авбали жана А.Жекшенов да бар. КРнын элчилиги мекендештерге укуктук жардам көрсөттү. Учурда аларды кыргыз жерине жөнөтүү маселеси каралууда",- деп кабарлайт мекеме.
Мындан тышкары КРнын Тышкы иштер министрлиги орус тарапка кыргыз жарандарын эвакуациялоого колдоо көрсөткөнүнө ыраазычылыгын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Rahat12345
2015-04-04 12:51:21
экоо эле кыргызго
0
nur-patriot
2015-04-04 13:20:32
Rahat12345, демек бул арабдар кыргыз паспорторун сатып алышкан. Президетнибиз арабияга жөн эле барып келди дейсинби
+3
kursantbek
2015-04-04 18:58:59
nur-patriot, президенттин арабдарга барганы учун паспор алдыбы тигилер же президент озу менен кошо ала барып берди дейсинби ??? жон еле суйлой берет екенсинда !!! озбекстанга барбаса деле толуп журотко озбектер кр паспорт алып!! бул жерде президенттин тийешеси жокко
0
bazar
2015-04-04 12:53:53
... аль Авбали...
0
altai86
2015-04-04 16:45:20
Исакова менен Жекшеновду эле алып келсе болмок экен .
+1
tynara81
2015-04-04 18:51:55
Аттары кыргыздыкы эмес го, бизде ошондой аль кошулган фамилиялар бар белее...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан