2002-жылдын 17-мартында орун алган Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө өкмөт 100 миң сом бөлүп берет. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кол койгонун бүгүн, 4-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акча каражаты өкмөттүн резервдик фондунан Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик башкармалыгына тапшырылат.
Айта кетсек, кечээ, 3-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясынан жабыркагандарга берилчү жөлөк пулду 2115 сомдон 3700 сомго көтөргөнү маалым болгон.