Милиция "Ат-Башыда окуучулардын массалык мушташы болгон" деген маалыматты төгүндөдү

"Нарын облусунун Ат-Башы районунда күрөш боюнча мелдеш учурунда мектеп окуучуларынын массалык мушташы болгон эмес". Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгы жалпыга маалымат каражатынын аталган мушташ тууралуу берген маалыматын текшерүү иретинде иш-чараларды өткөргөн. "Текшерүүнүн жыйынтыгында 19-мартта Ат-Башы айылында "Плаза" спорттук комплексинде райондук мектептердин окуучуларынын арасында күрөш боюнча мелдеш өткөрүлгөнү аныкталган. Мелдеш аяктаганда, саат 15:00 чамасында Э.Үсөналиев атындагы мектептин 10-классынын окуучусу автоунаа менен артты көздөй жылып, 9-класстын окуучусун жөөлөп өткөн. Ошол учурда жанында турган окуучулар классташына жардам беребиз деп унааны токтотууга аракет жасашканда, унаанын капталдарындагы күзгүлөрүн сындырып алышкан. 9-класстын окуучусу жаракат алган эмес, массалык мушташ орун алган эмес",- деп билдирет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
coco_chichi07
2015-04-04 18:27:53
Ваай менин мектебим го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан