Кечээ, 3-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында табылган белгисиз жаныбарлардын эттери эмненики экени аныктала элек. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ысык-Ата райондук милиция бөлүмү бул факты боюнча тергөө жүргүзүп жатат. "Жакын арада эшектикине окшош эттер экспертизага жөнөтүлөт. Жыйынтыгы дүйшөмбү күнү чыгары күтүлүүдө",- дешти мекемеден.
Айта кетсек, буга чейин февраль айында Чүй облусундагы Ак-Жол айылында эшектер союлуп, алардын эттери Бишкектеги чайканаларга таратылып жатканы айтылып, коомчулукта чоң талкуу жараткан. Бул жолу да бул көрүнүштү көпчүлүк эшек эти деп болжоп жатат.