Малайзиянын Куала-Лумпур шаарынын жанында тик учак кулап, өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кырсыктан улам тик учакта болгон 6 адамдын баары каза табышты, алардын арасында өлкөнүн жергиликтүү аткаминерлери да бар. Учурда авиакырсыктын себептери аныкталууда.