Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Жыгач айылында 98 чарчы метр келген, жыгач устундуу, шифер жабылган сарайдын чатыры, 2,5 тонна чөп күйгөн. Х.Адамова ээлик кылган сарайда катталган кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.