Токтогул районунда 7 килограммдан ашык баңгизатын мыйзамсыз сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-апрелде милиция кызматкерлери тарабынан Өзгөрүш айылынын 1994-жылы туулган тургуну кармалган. Текшерүү жүргүзүү учурунда көтөрүп жүргөн ак түстөгү мүшөктөн 109 даана ширеңкенин кутусуна жана банкага салынган гашиш табылган. Анын жалпы салмагы 7 килограмм 175 грамм болгон. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.