Кара-Суу районундагы жер тилкесинин мыйзамсыз берилиши боюнча кылмыш иши козголду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы жер тилкесинин мыйзамсыз берилиши боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Нариман айыл аймагынын жана Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгынын кызмат адамдары өз ара сүйлөшүп алышып, айыл чарбага керектүү жер тилкесин жеке менчикке берип салышкан. Учурда “атайылап жалган көрсөтмөлөрдү берүү, эксперттин, адистин жалган корутунду чыгаруусу же туура эмес которуу”, “жер мыйзамын бузуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан