Ноокат районунда жергиликтүү тургун бир тууган инисин атып алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2-апрель күнү болгон. Анда Исанов айыл аймагынын 1976-жылы туулган О.Б. аттуу тургуну ТОЗ-16 мылтыгы менен 1991-жылы туулган Т.А. аттуу бир тууган инисин байкабастан атып алган. Анын кесепетинен Т.А. каза тапкан. Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.