Кемин районунда мал уурулукка шектелгендер кармалышты

Кемин районунда мал уурулукка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 49 жаштагы А.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 3-апрель түнү белгисиз адамдар короосундагы төрт коюн уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, койлорду сатып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары 31 жаштагы А.А., 23 жаштагы С.А. жана 21 жаштагы У.Ж. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur45
2015-04-06 11:55:29
Эми мындай окуялар коп болот. Ошондуктан сак болуш керек. Уже кыргыз элинин жашоосу начарлап бара жатат. Бийликтегилерге го билинбейт.
0
Patriot...kg
2015-04-06 12:04:43
Жак шы иш бол боп т ур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан