Сокулук районунда жергиликтүү тургунду бычактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Манас айылынын 56 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 3-апрель күнү белгисиз адам 30 жаштагы баласын бычактап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 44 жаштагы Т.С. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ал эми жабырлануучу ооруканага жеткирилген.