Ош шаарында унаа жолу 4 метр тереңдикке чөгүп кетти

Ош шаарында унаа жолу 4 метр тереңдикке чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарындагы №9-Амир-Темир аймактык кеңешинин 101-көчөсүнөн жер кыртышы бузулуп, чөгүп кеткен. 3-апрель күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг департаментинин жана министрликтин Ош шаардык башкармалыгынын адистеринен турган комиссия жеринде изилдөө иштерин жүргүзүшүп, аны тез арада калыбына келтирүүнү Ош шаардык жолдор башкармалыгына жана Газ чарба башкармалыгына милдеттендирген.

Ош шаарынын Жолдор башкармалыгынын карамагында турган 101-көчөсүнүн чыгыш тарабында узуну 22 метрдей жер кыртышы 4 метр тереңдикке чөгүп кеткен. Жер кыртышынын чөгүүсүнө март айынын акырында жаан-чачындын көп жааганы жана эриген кар суулары агып кетүүчү арыктын жоктугу себеп болгону аныкталган. Ошондуктан жолдун четинен асфальт төшөлгөн катмары бузулган. Анын кесепетинен унаалардын каттоосуна жана жөө адамдардын жүрүүсүнө коркунуч жаралган. Комиссиянын корутундусунда бул процесстин мындан ары өрчүүсү автоунаа жолунун толук бузулуусуна алып келери белгиленген. Мындан сырткары унаа жолунун чыгыш тарабынан өткөн газ магистралынын бир мамысы да кулап түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
danyshman
2015-04-06 15:21:38
Эми муну да Мелис Мырзакматов жасаган деп айып тагат коросунор го.
+14
aika1405
2015-04-06 15:38:50
danyshman, ошону айт ХХХ ХХХ ХХХ...
+3
Lintel
2015-04-06 15:46:13
danyshman, ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
Beki035
2015-04-06 15:50:47
ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
admin_portal
2015-04-06 15:59:42
Эскертүү!
Талкуудан алыстабасаңыздар. Дагы кайталанса сайттан четтетилесиңер.
-1
jamilya03
2015-04-06 16:42:10
бул деген табийгаттын кырсыгы жол жарылып эмес 4 метр чогуп жатпайбы окмотубуздон пайда жоктугун баарыбыз жакшы билебиз ошон учун жергиликту тургундар арык казууну оздору уюштурушса болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан