Чүй облусунун тургуну 9 килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 4-апрель күнү 56 жаштагы О.А. аттуу Чүй айылынын тургуну кармалган. Анын жанынан 9 килограммдан көп баңгизат табылган. Учурда бул боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.