Бишкекте дүкөндөрдү тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 28 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал 31-марттан 1-апрелге караган түнү белгисиз адамдар Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан дүкөнүн тоноп кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Э.Б., 18 жаштагы М.С., Н.К. жана 19 жаштагы М.К. кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн мындан башка дагы ушуга окшогон 4 фактыга тиешеси бар экени аныкталган.