Социалдык тармактар аркылуу жихадга чакырык жасаган жаран боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, иликтөөнүн жыйынтыгы бүгүн чыгат. Жихадга үндөгөн жаран Жалал-Абад облусундагы чек ара бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп жатышы мүмкүн.
Буга чейин 20-24 жаштардагы жигит өзүнүн "Фейсбуктагы" жеке баракчасына Кыргыз Республикасындагы азыркы башкаруу системин жок кылуу үчүн жихадчыларды топтоп жатканын жазган.