Социалдык тармактар аркылуу жихадга чакырык жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жихадга үндөгөн жарандын аты-жөнү такталып, анын Жалал-Абад облусундагы чек ара бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп жатканы белгилүү болгон.
Учурда ал кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин 20-24 жаштардагы жигит өзүнүн "Фейсбуктагы" жеке баракчасына Кыргыз Республикасындагы азыркы башкаруу системин жок кылуу үчүн жихадчыларды топтоп жатканын жазган.