Ысык-Көл облусунда "чоң энесин бычактаган" деп шектелип 29 жаштагы жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда "чоң энесин бычактаган" деп шектелип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-апрель күнү Түп районундагы Михайловка айылындагы турак үйлөрдүн биринен 86 жаштагы Ш.Любовдун бычакталган жансыз денеси табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Т.Виталий кармалган. Ал каза тапкан аялдын небереси болгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
beka1207
2015-04-07 11:01:57
Чон энендин убалы уктатпасын адам деген атка татыксыз наадан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан