Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында "КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Демилгечи депутаттардын айтымында, документке ылайык, таштандыларды атайын челектерге таштабай көчөнү булгаган же таштандыларды өрттөгөн жарандарга айып пулдун көлөмү 2000 сомго көтөрүлмөкчү. Буга чейин таштандыларды белгиленбеген жайга таштаган жарандарга айып пулдун көлөмү 100 сом болчу. Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун 3-окууда добуш берүүгө жиберишти.