Ошто аскер билети жок 18 жаштан 27 жашка чейинки эркек жарандарга авиабилет сатылбай жатат

Ошто аскер билети жок 18 жаштан 27 жашка чейинки эркек жарандарга авиабилет сатылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Ош шаарынын Эрнист Сайидбеков аттуу тургуну SUPER.KG порталына билдирди.

Мен 25 жаштамын. Орусияга кетүү үчүн авиакассаларга барсам, “аскер билетиң жок болсо, билет сатылбайт” деп коюшту. Себебин сурасам, өкмөт башчы ушундай буйрук чыгарганын айтышты”,- дейт Сайидбеков.

Бул боюнча Коргоо министрлигине кайрылганыбызда ушундай чектөө бар экенин ырасташты. 2015-жылдын 25-мартында "2015-жылдын апрель-июнь айларында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн токтому чыкканын билдиришти. Токтомдо “Тышкы миграция жөнүндө” КРнын мыйзамынын 46-беренесинин 7-пунктуна ылайык, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиштүү жарандардын аскердик кызматка чакыруу мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү маселе чечилмейинче өлкө аймагынан чыгуу укугу убактылуу чектелери жазылган. 

Токтом 1-апрелден баштап күчүнө киргени айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
kushbakov87
2015-04-08 16:19:03
Армия бара тургандар насвайдан запас кылып алгыла а то олум менен аякташы да мункун биздин армияда
+3
kushbakov87
2015-04-08 16:24:56
Артур туура айтасын бир ХХХ армия калыш учун мин доллар пара сунган. Ал убакта 2010 жыл июнь айы болгондуктан коркуп бардык ХХХ армияга барыштан баш тарткан бирок ал ХХХ пара албай жоноткон
0
admin_portal
2015-04-08 16:44:25
kushbakov87 - 5 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин ж.б. нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
-7
kaniet
2015-04-08 16:31:43
Туура кылыптыр, аскерге барып жигиттик милдетинерди отоп келгиле, россия качпайт, эртен 9-майда и так кошулабыз, армияга барыш керек, только ошол ошол указды элге так жана ачык жеткирип туруп анан билет сатпай коюшса болмок жигиттерди убара кылбай
0
skromnyi.sexy
2015-04-08 17:04:59
Мен колдойм ушу идеяны жакшы ушундай буйрук чыгарыпсынар
0
elgiz0890
2015-04-08 17:35:57
туура кылат мен колдойм эркек болгондон кийин барыш керек каяктагы сасык созду суйлобой дедощинага шылтоолоп илгери аталарыбыз 2жыл зжыл башка олкодо кызмат кылып келишкен азыр болсо кудайга шугур озубуздун мекенибизде
0
subfield
2015-04-08 20:45:40
Менимче муштум жеп, психологиялык травма алып майып болуп келе турган армияга барганча жакшы иш, акча таап, чыныгы жашоого жакыныраак эле болгону дурус го
0
begai93
2015-04-08 21:58:47
Азыркы жаштарга не только балдарга а баарына эле Москва чыныгы АРМИЯ болуп калдыгоо чиркин! Мекенден алыста,менттер кууганда,орустар жаман коздору менен караганда Кыргызстан ушундай козунон отуп,элдин жердин баркына жетип жон эле патриот болуп кетесинго!анан эч кимге тийишпесен эчким уруп сокпойт.иштегендер иштейт иштебегендер жатып жатып ачка кочодо калганда анан аракет кылып ыссык суука карабай иштешип турмушка бышып башташатда.
+1
samidinova84
2015-04-08 22:17:21
Баарыбыз эле талаалап журсок биздин жерди ким коргойт?МЕН бул чечимди колдойм,ар бир эр азамат мекенге кызмат кылууга милдеттуу.Бирок армияда темирдей тартип,козомол болуусу зарыл.Бийлик тараптан энелердин ишеничине киргидей иш да болсо жакшы эле. .б
0
begai93
2015-04-09 03:27:05
samidinova84, менин оюмча эчким жыргаганынан талаалап журбосо керек!ошо "ким коргойт"деген суроону бийликтегилер давноо ойлонуп чечип бериш керек болчу.Армиядагы тартипти козомолдоп,элди иш менен камсыз кылуу жонундо ойлонушканда эчким талаалап журушту каалабайт болчу!
0
st1m_
2015-04-09 00:14:25
Кенедей бир нерсе болсо бийликке шылтап жатып калабыз, бийлик антпейби минтпейби деп акыл айтып, а эмнеге кыргыздын сомодой болгон каруу кучко толуп турган антпейт-мынтпейт деп бийликке акыл айтканга жараган жигит оз Мекенин коргогондон качат.Эмнеге биз акыл айтканга эле кыйынбыз да озубуз ошол акыл менен жашабайбыз. Бийлик кылбайт дегенден мурда мен эмнени кылдым элим учун деп ойлонушун керек.Мекенин коргогондон качкан жигит, ал жигит эмес адам болуп жарытпайт.Кырсыктар болот эми ал кудайдан да
+1
Djoni88kg
2015-04-09 01:14:10
Иш менен камсыз кылсын анда альтернатив кылат кобунчо максат акчага военный билет сатыш да баарынан 25-30минден кем сурабайт го!
+1
kama_future_millioner
2015-04-09 01:56:50
Туура кылат
-1
Manasemetei
2015-04-09 03:44:30
жеке мен убагында барып койгом.аскерге барыш кк .бул эркектик милдет.качпагыла аскерден анткени кыргызстан бизге кк
+1
dina
2015-04-09 10:12:06
Manasemetei, Аскерге баргандар жаман кундорду корот, зыяндуу заттарды колдонот дегендерге да жооп жаза кетпептирсинер
0
bakyt_2015
2015-04-09 21:26:22
dina, Озун,аскер кийимин кир алып журсо, салбырап ото жудоо болсо созсуз таяк жейт.Антип бирин-бири тарбиялабаса эмнеси аскер,бала бакчадан айрымасы кайсы.Тамеки, насвай чеккенге мажбурлайт деген жалган соз.Тамеки аскерлерде ото эле тартыш болот,анан ким эле озунун тартыш тамекисин бироо берет кыйнап чек деп.Бул создор эптеп чырдап аскерден калыштын шылтоосу.Ушул созду чыгаргандар аскер болуп деле жарытпайт. Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт деп койот го.
+1
Nur.saparaliev
2015-04-09 07:16:28
Достор кайдагыны айтпагылачы козунор м.н корбосонор кулагынар м.н укпасанар жон эле жазып койсо ишене бересинерби поника кылып.мен 22 жаштамын 12 апрелге бир жакшына болуп эле билет алдым го.ал эми армияны жамандап атканынар бул туура эмес.мен эркекмин деген ар бир кыргызстандын жараны оз мекенине 1 жыл милдетин аткарыш керек.сигарет насвай чектирбейт ал жакта.ал адамдын озунон.эгер дедовщина жок болсо детсадтан айырмасы жок болуп калат го.анда эмне кереге бар армияга барып эркелеп лучше детсадк
+2
dina
2015-04-09 10:14:45
Чет жактан деле өлүп келишипатат, бузулуп кетишипатат, ар кимдин тагдырынандыр, аскерге барыш ар биринин милдети болуш керек!
+1
Khabib
2015-04-09 20:21:11
Асалому алейкум чын журоктон баары бир сатып деле алса болот деп айтканыныздар туура эмес туугандар биз озубуздун менчик жерибизди коргошубуз керекта баарыбыз сатып алсак эшнерсени билбей турсак ким коргойт биздин ата-энелерибизди озум мамилекетин коргой албаган эркек аялында коргой албайт туугандар жакпаган создорум болсо кечиресинер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан