6-апрелден 10-апрелге чейин Орусиянын Казань жана Самара шаарларында биометрикалык маалыматтарды чогултуу жүрүүдө. Мындан улам КРнын Орусиядагы элчилиги аталган шаарларда эмгектенип жүргөн кыргыз жарандарын учурдан пайдаланып биометрикалык маалыматтарын тапшырып кетүүгө чакырат. Коомдук кабылдама Самара шаарындагы "Кировский" базарында жайгашкан, ал эми Казанда Павлюхин көчөсү-57 дарегиндеги Эл аралык достук үйүндө иш алып барууда. Айта кетсек, биометрикалык маалыматты берүү үчүн кыргыз жарандары паспорту менен келиши абзел.