Түркиянын делегациясы Каржы министрлигине экинчи жолу иш сапары менен келип кетти

Мамлекеттик каржыны башкаруунун маалымат системин киргизүү долбоорунун алкагында 2-3-апрелде Түркиянын Каржы министрлигинин кызматкерлеринен турган делегация экинчи иш сапары Бишкекте болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Түркия делегациясы “Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин инфраструктурасын чыңдоо” долбоорунун алкагында жол картасын иштеп чыгуу жана этаптарды Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин жетекчилиги менен талкуулоо, жогоруда аталган долбоорго тиешелүү протоколго кол коюу боюнча консультацияларды жүргүзүү үчүн келген. 

"Каржы министринин орун басарлары Алмазбек Азимов менен Алмаз Бакетаевдин жетекчилиги астында бюджет процессин автоматташтыруу жаатында эл аралык эксперттердин сунуштамалары талкууланды.

Эки күндүн ичинде КРнын Каржы министрлигинин тийиштүү башкармалыктары менен жолугушуулар өткөрүлдү",- деп айтылат маалыматта.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан