Бүгүн, 8-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Европа парламентинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Монголия менен кызматташуу боюнча делегациясынын төрайымы Ивета Григуле баштаган Европа парламентинин делегациясын кабыл алды.
Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун институттарынын ортосундагы кызматташуу боюнча актуалдуу маселелер, ошондой эле түрдүү багыттарда биргелешип иш алып баруунун перспективасы талкууланды.
Мамлекет башчы Европа парламентинин өкүлдөрү менен аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашты. Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа союзуна жана анын институттарына жасаган сапарынын жыйынтыктары, Европа лидерлери менен сүйлөшүүсүнүн жыйынтыктары талкууланды.
“Бизди Европа союзу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелердин абдан ыкчам өнүгүшү кубандырат”,- деди Ивета Григуле. Ошондой эле ал Европа парламентинин делегациясы кыргыз мамлекети тарабынан ишке ашырылып жаткан көп векторлуу тышкы саясатты кубаттайт деп кошумчалады.
Мамлекет башчы Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун мамилесин мындан ары өнүктүрүүнүн маанисин баса белгилеп, анын ичинде парламенттер аралык кызматташууну, ошондой эле түрдүү деңгээлде туруктуу байланышты улантуу зарыл экендигин белгиледи.