Кыргыз өлкөсүнө Түркиянын Кургакта жүрүүчү аскер бөлүгүнүн башчысы келет

Кыргыз өлкөсүнө 9-апрелде Түркиянын Кургакта жүрүүчү аскер бөлүгүнүн башчысы Хулуси Акар жетектеген делегация келет. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Түркиянын КРдагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, түркиялык коноктор КРнын Башкы штабынын жетекчиси, генерал-майор Асанбек Алымкожоевдин чакыруусу менен келишет. Алар кыргыз жергесинде 11-апрелге чейин болуп, "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүл коюу салтанатына, Коргоо министрлигинде сыйлык берүү аземине катышып, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде болушмакчы. Ошондой эле иш сапардын алкагында расмий сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү да күтүлүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан