Депутат: "Улгайган жарандар жер үлүштөрүн неберелерине мурас катары калтыра албай жатышат"

"Улгайган жарандар жер үлүштөрүн неберелерине мурас катары калтыра албай жатышат",- деп билдирди депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жалпы жыйынында.
Анын айтымында, тиешелүү мыйзамга ылайык, 1995-жылдан тартып улгайган жарандар жер үлүштөрүн неберелерине калтырууга мүмкүнчүлүк болбой калган. "Аймактардагы аксакалдар көзү тирүүсүндө жер үлүштөрүн неберелерине менчиктештирип бергиси келишет. Өкмөт бул маселени чечүүгө аракет жасасын",- деди Нарматова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан