Төрөбай Зулпукаров: "Мен тууралуу жалган маалымат таратып жаткан адамдарды сотко берем"

Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында вице-спикер Төрөбай Зулпукаров өзү тууралуу маалымат каражаттары аркылуу жалган маалымат таратып жаткан адамдарды сотко бере турганын билдирди.

"Айрым адамдар мени атайлап жаманатты кылуу максатында маалымат каражаттарына жалган маалыматтарды жарыялатып жатышат. Алар мени "кыз зордуктаган" деп күнөөлөшүүдө. Эч качан андай жосун болгон эмес. Мен өмүрүмдө бирөөнү сотко берип көргөн жан эмес элем, бул жолу сотко кайрылууну туура таптым. Мындай жалган маалыматтарды журналисттерге берип жаткан адамдар акыры өз жазасын алышат",- деди Зулпукаров. 

Вице-спикер 8-апрелде SUPER.KG порталына маалымат берип жатып, кыз зордуктоого аралашпаганын жана соттолбогонун далилдеген документтер бар экенин билдирген болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан