Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте Европа биримдиги-Кыргыз Республикасы парламенттик кызматташтык комитетинин 10-отуруму өтүп жатат. Иш-чарага вице-спикер Асия Сасыкбаева жана Европарламенттин Борбор Азия өлкөлөрү жана Монголия менен кызматташтык боюнча делегациясынын төрайымы Ивета Григуле жетекчилик кылууда.
Күн тартибине экономика, каржы багытындагы, ошондой эле терроризм, уюшкан кылмыштуулук, арам акчаны адалдаштыруу жана наркотрафик менен күрөш жаатындагы кызматташтык маселелери кирген. Парламент өкүлдөрү айлана-чөйрөнү коргоо жана саламаттык сактоо тармактарында өнөктөштүктүн келечегин да талкуулашат.
“Бишкекте 2012-жылы, Брюсселде 2013-жылы ийгиликтүү өткөн жолугушуулардан кийин азыркы отурум Европа парламентинин жаңы курамынын делегациясы менен болгон алгачкы парламент аралык жолугушуу болуп саналат. Биздин жолугушуунун күн тартибинде карала турган маселе көп. Биз эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин карап чыгабыз. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын бардык өңүттөрү боюнча өз ара мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө жигердүү түрткү бере турган чечимдерди кабыл алуу биз үчүн маанилүү кадам болуп эсептелет”,- деп белгиледи отурумда Асия Сасыкбаева.
“Евробиримдик Кыргыз Республикасынын өнүгүү багытын жогору баалайт. Биздин өлкөлөрдүн турмушундагы бардык багыттар боюнча кызматташтык өнүгөт деп үмүттөнөбүз. Биз кызматташтыктын жолдорун издөөгө жана өнөктөштүктү өркүндөтүүгө кубанычтабыз”,- деди Ивета Григуле.
Отурумдун ишине Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана Европарламенттин мүчөлөрү катышууда.