Биометрикалык маалыматтарды топтогон операторлордун суткалык эмгек акысы качан берилери белгисиз . Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
“Операторлордун суткалык эмгек акысы үчүн 9 миллион сом каралган. Бирок азырынча ал акча өкмөттөн бөлүнө элек. Акча каражаты бөлүнөрү менен операторлордун суткалык эмгек акысы берилет”,- деп билдиришти Мамлекеттик каттоо кызматынан.
Буга чейин Аксы районунун тургуну биометрикалык маалыматтарды топтогон операторлор 6 айдан бери айлык алыша электигин SUPER.KG порталына билдирген эле.