Жогорку Кеңеште 9-апрелде юридикалык жактарды каттоого алуу жол-жоболорун ыраатташтырууга багытталган мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Юстиция министрлигинин берген маалыматына караганда, негизинен мыйзамдагы бир катар карама-каршылыктар өз ара шайкеш келтирилип жатат. Ошону менен бирге юридикалык жактарды каттоо жүрүмү менен жол-жоболору да жөнөкөйлөштүрүлүүдө.
“КРнын Конституциясында камтылган мамлекеттик органдар каттоосуз эле юридикалык жак катары таанылгандыктан, алар сөзсүз эле юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш эмес. Андан сырткары каттоо органдары аталышында адамдын же коомчулуктун беделине шек келтирген белгилер байкалган уюмдарды каттоодон баш тарта алат”,- деп билдирди Юстиция министрлигинин өкүлү.