Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңеште "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жана мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйында депутаттар "Мурунку президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевге Кыргыз Республикасынын пенсиясы берилеби?" деп сурашты. Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев: "Акаев жана Бакиевге пенсия берилбейт. Пенсия алыш үчүн алар өлкөгө келип жашашы керек",- деп жооп берди.